«СНАЙПИНГ ФЕДЕРАЦИЯСЫ» КООМДУК БИРИКМЕСИНИН УСТАВЫ

  1. Жалпы жоболор

1.1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, мындан ары «Бирикме» деп аталган, «Снайпинг федерациясы» коомдук бирикмесин уюштуруунун жана ишмердүүлүгүнүн тартибин аныктайт.

1.2. Бирикме ыктыярдуу мамлекеттик эмес мүлктүк төгүмдүн негизинде уюмдаштыруучулар тарабынан түзүлгөн, Кыргыз Республикасында спорттук снайпингди (тактикалык ок менен жана стенддик атууну) ар тараптуу өнүктүрүүнү, өркүндөтүүнү жана жайылтууну жүзөгө ашырган коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Бирикменин ишмердүүлүгүнө уставдык милдеттерди жүзөгө ашырууга көмөктөшкөн жактар катыша алышат.

1.3. Бирикме өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына, ушул Уставга ылайык жүргүзөт.

1.4. Бирикменин толук расмий аталышы:

  • расмий тилде: Общественное объединение «Федерация снайпинга»;
  • мамлекеттик тилде: «Снайпинг федерациясы» коомдук бирикмеси;

Кыскартылган расмий аталышы:

  • расмий тилде: ОО «ФС»;
  • мамлекеттик тилде: «СФ» КБ;

1.5. Бирикме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоо учурунан тартып юридикалык жак статусуна ээ болот.

1.6. Бирикменин жеке балансында эсепке алынуучу, өзүнүн обочолонгон мүлкү бар, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды сатып алат жана сатат, милдеттенме тартат, сотто доогер жана жоопкер боло алат.

1.7. Бирикме пайда алуу максатын көздөбөйт. Бардык кирешелер, анын ичинде Бирикменин чарбалык иши менен байланыштуу кирешелер Бирикменин Уставы менен аныкталган милдеттерди чечүүгө жумшалат жана анын ишмердүүлүк процессинде мүчөлөр ортосунда бөлүштүрүлбөйт.

1.8. Бирикменин өз аталышы менен мөөрү, штамптары жана бланктары, белгиленген тартипте катталган жеке эмблемасы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банк мекемелеринде жана башка финансылык уюмдарда сом жана чет өлкөлүк валютадагы эсептешүү жана башка эсептери бар.

1.9. Бирикменин иштөө мөөнөтү чектелбейт.

1.10. Бирикме мамлекеттин, анын органдарынын жана уюмдарынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ага барабар мамлекет, анын органдары жана уюмдары Бирикменин милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.

1.11. Бирикме өзүнүн мүчөлөрүнүн милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ага барабар Бирикменин мүчөлөрү анын милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт.

1.12. Бирикме Бирикменин кызыкчылыгын козгогон маселелер боюнча өз ишин мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгилеген көлөмдө жана тартипте чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен түз байланыш түзүүгө, макулдашууларды түзүүгө укуктуу.

1.13. Бирикме өз ишин Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жүргүзө алат.

1.14. Бирикменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Биринчи май району, Панфилов көч., 164\1-үй.

  1. Бирикменин максаттары, милдеттери жана ишмердүүлүк түрлөрү

2.1. Бирикме өз ишинде коммерциялык максаттарды көздөбөйт, саясый ишмердүүлүк менен алектенбейт, партияларга катышпайт, саясый үгүт жана башка саясый акцияларды жүргүзбөйт жана катышпайт.

2.2. Бирикмени түзүүнүн жана ишмердүүлүгүнүн негизги максаты Кыргыз Республикасында спорттун снайпингди (тактикалык ок жана стенддик атууну) өнүктүрүү, өркүндөтүү жана жайылтуу болуп саналат.

2.3. Бирикме өз ишин төмөндөгү милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн жүргүзөт:

2.3.1. Кыргыз Республикасында спорттун снайпингди (тактикалык ок жана стенддик атууну) өнүктүрүү, өркүндөтүү жана жайылтуу;

2.3.2. Бирикменин мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо жана кызыкчылыктарын көрсөтүү;

2.3.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик уюмдар менен өз ара аракеттенүү;

2.4. Уставдык максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн Бирикме колдонуудагы мыйзамдарга ылайык:

2.4.1. Өзүнүн идеяларын, максаттарын, программалык милдеттерин жайылтууну жүзөгө ашырат;

2.4.2. Юридикалык жана жеке жактар менен керектүү келишимдерди түзөт;

2.4.3. Кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү перспективаларга уставдык милдеттерди чечүү боюнча программаларды жана иш-чаралар планын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.

2.4.4. Ушул Устав менен каралган максаттарга жетүү үчүн керектүү башка иш-чараларды жана иш-аракеттерди уюштурат жана өткөрөт.

  1. Бирикменин укуктары жана милдеттери

3.1. Өзүнүн уставдык максаттарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн Бирикме колдонуудагы мыйзамдарга ылайык укуктуу:

3.1.1. Бирикменин максаттарына ылайык келген чарбалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө.

3.1.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматты эркин жайылтууга;

3.1.2. Бирикменин максаттарын жана милдеттерин пропагандалоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет ресурстарын колдонууга;

3.1.3. Уставдык максаттарда акча каражаттары, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, мүлктүк укуктар түрүндөгү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат берилген башка түрдө ата мекендик жана чет өлкөлүк жарандардын, ишканалардын, фирмалардын, фонддордун, мамлекеттик, жеке жана коомдук уюмдардын ыктыярдуу төгүмдөрүн жана кайыр садагаларын тартууга жана колдонууга;

3.1.4. Мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана коомдук бирикмелерде өзүнүн мүчөлөрүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын көрсөтүүгө жана коргоого;

3.1.5. Ишмердүүлүктүн ички түзүмүн, формаларын жана методдорун өз алдынча аныктоого;

3.1.6. Уставдык максаттарына жетүү кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын аймагында да, анын чегинен тышкары да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келген бүтүмдөрдү түзүүгө;

3.1.7. Мүчөлүк төгүмдөрдү кабыл алууга жана Жалпы жыйын тарабынан аныкталган тартипте алардын өлчөмүн белгилөөгө;

3.2. ОБирикме милдеттүү:

  • өзүнүн ишмердүүлүк чөйрөсүнө тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, укук ченемдерин, ошондой эле ушул Устав менен каралган ченемдерди жана принциптерди сактоого.
  1. Бирикменин мүчөлөрү, алардын укуктары жана милдеттери

4.1. Бирикмеде мүчөлүк ыктыярдуу болуп саналат.

4.2. Бирикменин мүчөлөрү Бирикменин уставдык максаттарын жана милдеттерин бөлүшкөн, үзгүлтүксүз мүчөлүк төгүмдөрдү төлөп турган Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналат.

4.3. Мүчөлүккө кабыл алуу кирип жаткан адамдын жеке жазуу түрүндөгү арызынын негизинде жүзөгө ашырылат. Кирип жаткан талапкер кирүү төгүмүн төлөгөн учурдан тартып Бирикменин мүчөсү болот.

4.4. Бирикменин бардык мүчөлөрү бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ болушат.

4.5. Бирикменин мүчөлөрү укуктуу:

  • Бирикменин жетектөөчү жана контролдоо-ревизиялык органдарына шайлоого жана шайланууга;
  • Бирикменин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын аныктаган документтерди иштеп чыгууга катышууга;
  • Бирикменин консультациялык, маалыматтык, интеллектуалдык, материалдык-техникалык жана башка кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга;
  • Бирикме уюштурган бардык программалык иш-чараларга катышууга;
  • Бирикменин мүчөлөрүнүн Жалпы жыйынына бир ай мурда бул тууралуу жазуу түрүндө билдирип, Бирикмеден ыктыярдуу чыгууга;
  • Бирикменин, анын мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоого, же Бирикменин жана анын башкаруу органдарынын ишин жакшыртууга багытталган өзүнүн сунуштарын Бирикменин башкаруу органдарына берүүгө;
  • Бирикменин уставдык милдеттерине түз же кыйыр түрдө тиешелүү жаралган көйгөйлөрдү чечүүдө колдоо көрсөтүү жөнүндө сунуш менен Бирикмеге кайрылууга;
  • эгерде Бирикме тарабынан өзүнүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан мындай фонддорду түзүү жөнүндө чечим кабыл алынса, Бирикменин фонддорунан айрым милдеттерди чечүү үчүн финансылык колдоо алуу;
  • мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле үчүнчү жактар менен мамилелерде Бирикменин уставдык милдеттерине түз же кыйыр түрдө тиешелүү коомдук маселелерди кароодо Бирикменин колдоо көрсөтүүсү жана жардамын пайдаланууга;
  • устав менен каралган Бирикменин ишмердүүлүгүнүн максаттарына жараша, Бирикменин жана анын мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарына зыян келтирбеген учурда, бир убакта башка уюмдардын мүчөсү болууга.

4.6. Бирикменин мүчөлөрү милдеттүү:

  • Бирикменин уставдык милдеттерин жүзөгө ашырууга көмөктөшүү;
  • Бирикменин Уставынын жоболорун сактоо;
  • эгерде мындай маалымат бул мүчө үчүн купуя болуп саналбаса, Бирикменин ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелерди чечүү үчүн керектүү маалыматты ага берүүгө, ошондой эле Бирикменин ишмердүүлүгүнө тиешелүү маселелер боюнча купуялуулукту сактоого;
  • өз ара макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылуучу биргелешкен долбоорлорду жана иш-чараларды каржылоо боюнча Бирикменин алдындагы милдеттенмелерди өз убагында жана талаптагыдай аткарууга;
  • Бирикменин катышуучулары аныктаган өлчөмдө жана тартипте мүчөлүк төгүмдөрдү төлөөгө;
  • Бирикменин жана анын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарына моралдык жана материалдык зыян келтириши, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык, жазык жана башка жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн болгон мыйзамга каршы иш-аракеттерден оолак болууга.

4.7. Бирикмеде мүчөлүк төмөндөгү учурларда токтотулат:

  • Бирикменин жетекчисине бир ай мурда жазуу түрүндө билдирүү аркылуу мүчөнүн Бирикмеден чыгуусу.

4.8. Мүчөлөр төмөндөгү учурларда Бирикменин мүчөлөрүнүн Жалпы жыйынынын чечими боюнча чыгарылышы мүмкүн:

  • ушул Уставдын жоболорун жана Бирикменин органдарынын компетенцияларына ылайык алар тарабынан бекитилген Бирикменин башка актыларын одоно бузуу же сактабоо;
  • Бирикменин чечимдерин аткарбоо, анын ичинде эки ай ичинде мүчөлүк төгүмдөрдү төлөбөө;
  • Бирикмеге атайлап материалдык зыян келтирүү.

4.9. Бирикменин ишмердүүлүгүнө катышууга жана колдоого даяр болгон, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин жарандары Бирикменин ардактуу мүчөлөрү боло алышат.

4.10. Ардактуу мүчөлөр Бирикменин мүчөлөрүнүн Жалпы жыйыны тарабынан шайланышат жана төгүмдөрдү төлөөдөн бошотулат. Бирикменин ардактуу мүчөлөрү кеңеш берүүчү добуш укугуна ээ.

  1. Бирикменин төгүмдөрү, мүлкү жана чарбалык ишмердүүлүгү

5.1. Бирикменин каражат булактары болуп саналат:

5.1.1. Бирикменин мүчөлөрүнүн кирүү, мүчөлүк, ыктыярдуу жана максаттуу төгүмдөрү;

5.1.2. жеке жактардын жана уюмдардын, анын ичинде эл аралык уюмдардын ыктыярдуу кайтарымсыз жана кайрымдуулук төгүмдөрү;

5.1.3. долбоорлорду жүзөгө ашыруунун, ар кандай иш-чараларды өткөрүүнүн эсебинен алынган кирешелер жана каражаттар;

5.1.4. чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардан, фонддордон алынган гранттар;

5.1.5. менчик түрүнөн көз карандысыз ишканалардын, уюмдардын балансынан Бирикменин балансына алынган акча каражаттары, мүлк жана берилген материалдык баалуулуктар;

5.1.6. тартылган (зайым) каражаттары (коммерциялык банктардын жана башка кредиторлордун анын ичинде чет өлкөлүк кредиторлордун кредиттери), б.а. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бардык булактар;

5.2. Бирикменин мүчөлөрү көрсөтүлгөн төгүмдөрдү төлөшөт. Мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө өлчөмү жана тартиби Бирикменин мүчөлөрүнүн Жалпы жыйыны тарабынан бекитилген ички регламент менен аныкталат.

5.3. Бирикменин каражаттары уставдык милдеттерди аткаруу, кызматкерлерге эмгек акы төлөө, кайрымдуулук максаттар, Бирикменин ишмердүүлүгү үчүн керектүү мүлктү сатып алуу, бөлмөнү ижарага алуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген, Бирикменин ишмердүүлүгү үчүн керектүү башка чыгымдар үчүн колдонулат.

5.4. Бирикме анын Уставында каралган ишмердүүлүктү аткаруу үчүн ага Бирикменин мүчөлөрү берген мүлктүн, ошондой эле жеке каражаттардын эсебинен алынган же түзүлгөн мүлктүн менчик ээси болуп саналат.

5.5. Бирикме жеке имаратка, курулмаларга, жабдууга, шайманга, маданий-агартуучу жана ден соолукту чыңдоочу багыттагы мүлккө, акча каражаттарына, акцияларга жана башка баалуу кагаздарга жана анын Уставында каралган ишмердүүлүктү камсыздоо үчүн керектүү башка мүлккө ээ болушу мүмкүн.

5.6. Бирикменин менчиги болуп саналган мүлк анын мүчөлөрүнүн ортосунда, анын ичинде Бирикмеден алар чыкканда бөлүштүрүлбөйт.

5.7. Бирикме ага жарандар, уюмдар жана мамлекет берген имаратты, орун жайларды, башка мүлктү, жер участокторун колдонууга укуктуу.

5.8. Ушул Уставга жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, Бирикменин мүчөлөрүнүн төгүмдөрүнүн, алынган кирешелердин жана башка түшкөн каражаттардын эсебинен Бирикме анын ишмердүүлүгү үчүн керектүү фонддорду түзө алат.

  1. Башкаруу органдары

6.1. Бирикменин башкаруу органдары болуп саналат:

  • Бирикменин катышуучуларынын Жалпы жыйыны - жогорку орган;
  • Башкармалык - аткаруучу орган;
  • Ревизиялык комиссия - контролдук орган.
  1. Бирикменин мүчөлөрүнүн жалпы жыйыны

7.1. Бирикменин жогорку башкаруу органы Бирикменин катышуучуларынын Жалпы жыйыны (мындан ары Жалпы жыйын деп аталган) болуп саналат. Жалпы жыйын зарылчылыкка жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес чакырылат.

7.2. Кезексиз Жалпы жыйын Бирикменин Башкармалыгы тарабынан өз кароосу боюнча, Ревизиялык комиссиянын сунушу боюнча же Бирикменин мүчөлөрүнүн 20 пайыздан кем эмесинин демилгеси боюнча чакырылат.

7.3. Жалпы жыйынды өткөрүү орду жана убактысы, ошондой эле күн тартиби жөнүндө Башкармалык Бирикменин мүчөлөрүнө дайындалган мөөнөткө чейин 7 күндөн кеч эмес жазуу же башка түрдө билдирет.

7.4. Жалпы жыйын ага анын мүчөлөрүнүн үчтөн бирден кем эмеси, ал эми Бирикмеде 100дөн ашык мүчө болгон учурда – 25 мүчөдөн кем эмеси катышса, ыйгарым укуктуу деп эсептелет. Бардык чечимдер отурумга катышкан Бирикменин мүчөлөрүнүн санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

7.5. Жалпы жыйындын артыкчылыктуу компетенциясын төмөндөгү маселелер түзөт:

  • уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
  • коомдук бирикменин ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын, анын мүлкүн пайдалануу тартибин аныктоо;
  • коомдук бирикменин мүчөлүгүнө кабыл алуу жана чыгаруу (эгерде устав менен башкача белгиленбесе);
  • башкаруу органдарын түзүү тартиби;
  • ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык отчетту жана жылдык балансты бекитүү;
  • филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү жөнүндө чечим;
  • башка юридикалык жактардын ишмердүүлүгүнө катышуу;
  • кайра уюштуруу жана жоюу;
  • устав менен коомдук бирикменин башка органдарынын компетенциясына киргизилгенден тышкары башка маселелер.

7.6. Жалпы жыйындын отуруму протокол менен таризделет, ал төмөндөгүлөрдү камтышы керек: отурумдун датасы, орду жана убактысы; күн тартиби; катышуучулардын сүйлөгөн сөзү; добуш берүүнүн жыйынтыктары; кабыл алынган чечимдер. Протоколго ар бир Жалпы жыйында шайланган Жалпы жыйындын төрагасы жана катчысы кол коюшат.

  1. Бирикменин Башкармалыгы

8.1. Бирикменин Башкармалыгы Бирикмени башкаруунун аткаруучу органы болуп саналат, ал Башкармалыктын Төрагасынан жана мүчөлөрүнөн турат.

8.2. Бирикменин Башкармалыгынын чечимдери Бирикменин мүчөлөрү үчүн милдеттүү мүнөзгө ээ болот.

8.3. Бирикменин Башкармалыгынын мүчөлөрү Бирикменин Ревизиялык комиссиясынын мүчөлөрү болбойт.

8.4. Бирикменин Башкармалыгынын компетенциясын төмөндөгү маселелер түзөт:

  • Бирикменин учурдагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгү жүргүзүү;
  • Бирикменин стратегиялык максаттарын аныктоо жана анын саясатын түзүү;
  • Жалпы жыйында бекитүү үчүн Бирикменин ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын иштеп чыгуу;
  • Жалпы жыйындын чечимдерин уюштуруу жана аткарууну камсыздоо;
  • жылдык жана кезексиз Жалпы жыйынды чакыруу, Жалпы жыйындын күн тартибин түзүү, бекитүү;
  • Бирикменин ички түзүмүн, формаларын, режимин жана иштөө графигин бекитүү;
  • Бирикменин долбоорлорун, программаларын, кирүү жана мезгилдүү мүчөлүк жана максаттуу төгүмдөрдүн өлчөмдөрү, аларды төлөө тартиби жана мөөнөтү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу;
  • ачыкка чыгарылбай турган маалыматтын көлөмүн жана түрлөрү аныктоо;
  • Бирикменин айрым милдеттерин чечүү үчүн жумушчу топторду түзүү;
  • Жалпы жыйында бекитүү үчүн Бирикменин жылдык отчетун, балансын жана чыгымдар сметаларын даярдоо;
  • Бирикменин мүчөлөрүнүн ортосунда пайда болгон жаңжалдуу кырдаалды, ошондой эле жарандар жана уюмдар тарабынан коюлган дооматтарды чечүү;
  • Бирикменин атынан юридикалык жана жеке жактарга дооматтарды жана доо арыздарды берүү;
  • Жалпы жыйындын жана Ревизиялык комиссиянын артыкчылыктуу компетенциясына киргизилбеген башка маселелерди чечүү.

8.5. Бирикменин Башкармалыгынын отурумун Башкармалыктын Төрагасы чакырат жана төрагалык кылат.

8.6. Бирикменин Башкармалыгы эгерде анын отурумуна анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү, б.а. экиден кем эмес адам катышса, чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу болот. Бирикменин Башкармалыгы отурумга катышкандардын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат. Добуштар тең чыкканда, Башкармалыктын Төрагасынын добушу чечүүчү мааниге ээ. Бирикменин Башкармалыгынын отурумунун протоколдоруна Башкармалыктын Төрагасы жана Башкармалыктын катчысы кол коюшат.

8.7. Шашылыш чечимдерди кабыл алуу үчүн Бирикменин Башкармалыгынын мүчөлөрү телефон, факсималдык, интернет байланыш же ушул сыяктуу байланыш жабдуучу аркылуу отурумдарга катыша алышат жана отурумдун бардык катышуучулары бир бирин уга жана түшүнө алган шартта, кворум түзө алышат.

8.8. Мындай катышуу отурумга жеке катышуу катары каралат, бул жөнүндө протоколдо көрсөтүлөт. Отурумга түздөн-түз катышпаган Бирикменин Башкармалыгынын мүчөсү кабыл алган чечим ыкчам факсималдык же башка ушул сыяктуу байланыш каражаты менен же сырттан добуш берүү аркылуу (сурамжылоо аркылуу) ал тарабынан ырасталышы керек.

8.9. Бирикменин Башкармалыгынын отуруму зарылчылыкка жараша, бирок жылына жок дегенде 2 жолу өткөрүлөт.

8.10. Бирикменин Башкармалыгынын Төрагасы жана анын мүчөлөрү Жалпы жыйындын чечими менен 3 жылдык мөөнөткө шайланышат жана бирдей жоопкерчилик тартышат.

8.11. Бирикменин Башкармалыгынын мүчөлөрү жаңы мүчөлөрдү тиешелүү түрдө шайлап, Жалпы жыйындын чечими менен Башкармалыктын курамынан мөөнөтүнөн мурда чыгарылышы мүмкүн. Бирикменин Башкармалыгынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда Жалпы жыйындын чечими менен Башкармалыктын жаңы курамы түзүлөт.

8.12. Бирикменин Башкармалыгынын мүчөлөрү өз кызматтык функцияларын ак ниеттүү аткарууга милдеттүү.

8.13. Бирикменин Башкармалыгынын Президенти:

  • Жалпы жыйындын жана Бирикменин Башкармалыгынын чечимдерин аткарат;
  • Бирикменин атынан аракеттенет, аны ишеним катсыз бардык мамлекеттик, коомдук, эл аралык, чет өлкөлүк жана башка уюмдарда көрсөтөт;
  • Бирикменин ишмердүүлүгүнүн маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат, буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
  • Бирикменин уставдык максаттарын жана милдеттерин жайылтат жана коомчулукка анын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берет, бул үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын, басылмаларды, ошондой эле өздүк басылмаларды колдонот;
  • андан ары Жалпы жыйында бекитүү менен Бирикменин ишмердүүлүгүнүн ички регламентин иштеп чыгат;
  • Бирикменин ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык отчетторду Жалпы жыйындын бекитүүсүнө берет;
  • Бирикменин уюштуруу жана финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн жетектейт;
  • Жалпы жыйын аныктаган чектерде Бирикменин мүлкүн жана акча каражаттарын тескейт;
  • Бирикменин атынан ишеним кат берет, биринчи кол тамга укугуна ээ болот жана банктарда Бирикменин эсептешүү жана башка эсептерин ачат;
  • Бирикменин мөөрлөрүн жана башка реквизиттерин бекитет;
  • Бирикменин башка башкаруу органдарынын артыкчылыктуу компетенциясына киргизилбеген башка функцияларды жүргүзөт;
  • Бирикменин программаларын, долбоорлорун, пландарын жана башка иш-чараларын аткарууну контролдоону камсыздайт;
  • Жалпы жыйын тарабынан анын компетенциясына киргизилген башка функцияларды аткарат;
  • Жалпы жыйынга отчеттуу жана Бирикменин ишмердүүлүгүн жүргүзүү жана ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн алардын алдында жоопкерчилик тартат.
  1. Бирикменин Ревизиялык комиссиясы

9.1. Ревизиялык комиссия акысыз негизде Бирикменин финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө контроль жүргүзөт. Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрү Жалпы жыйындын чечими менен шайланат.

9.2. Ревизиялык комиссиянын ыйгарым укук мөөнөтү чектелбейт. Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрү жаңы мүчөлөрдү тиешелүү түрдө шайлап, Жалпы жыйындын чечими менен курамдан мөөнөтүнөн мурда чыгарылышы мүмкүн.

9.3. Бирикменин финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүлөр Жалпы жыйындын тапшырмасы боюнча, же Бирикменин Башкармалыгынын анык мүчөлөрүнүн биринин талабы боюнча Ревизиялык комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

9.3.1. Ревизиялык комиссия жылдык отчеттор жана баланстар боюнча корутунду түзөт.

9.3.2. Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрү кеңеш берүүчү добуш менен Бирикменин Башкармалыгынын отурумдарына катышууга укуктуу.

9.3.3. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдө Ревизиялык комиссия талабы боюнча Бирикменин Башкармалыгы ага бардык керектүү финансылык-чарбалык жана башка документтерди берүүгө милдеттүү.

9.3.4. Ревизиялык комиссия жүргүзгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын Жалпы жыйынга жөнөтөт. Ревизиялык комиссиянын бардык чечимдери Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

9.4. Ревизиялык комиссия тарабынан Бирикменин ишмердүүлүгүн текшерүү анын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмес курамында жана жылына жок дегенде бир жолу өткөрүлөт.

9.5. Бирикменин Ревизиялык комиссиясынын мүчөлөрү, ошондой эле Бирикменин мүчөлөрү – мүчөлөрдүн жалпы санынын 20 пайызынан кем эмес – чакыруу максатын жана зарылчылыгын негиздеп, кезексиз Жалпы жыйынды чакыруу жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.

  1. Бухгалтердик эсеп жана финансылык жыл

10.1. Бирикменин бухгалтериясы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык ыкчам, бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзөт.

10.2. Бухгалтердик эсеп сом менен жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк валюталарды сомго жана тескери которуу операция жүргүзүү датасына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча жүргүзүлөт.

10.3. Бирикменин финансылык жылы календардык жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин белгиленет.

  1. Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби

11.1. Бирикменин Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле Уставдын жаңы редакциясын бекитүү Жалпы жыйындын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

11.2. Жараксыз жоболор жогоруда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына карама-каршы келбеген жоболор менен алмаштырылат.

  1. Бирикменин ишмердүүлүгүн кайра уюштуруу жана жоюу

12.1. Бирикме катышкандардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынган, Бирикменин мүчөлөрүнүн Жалпы жыйынынын чечими боюнча, же мыйзамда белгилеген тартипте соттун чечими боюнча жоюлушу мүмкүн.

12.2. Бирикменин мүлкү жана каражаттары жоюлгандан жана бардык керектүү эсептешүүлөрдөн кийин уставдык максаттарга жетүүгө, ал эми талаштуу учурларда – соттун чечими менен аныкталган максаттарга жумшалат жана Бирикменин мүчөлөрүнүн ортосунда кайра бөлүштүрүлбөйт.

12.3. Юстиция органдары Бирикмени жоюу жөнүндө буйрук чыгарган учурдан тартып жоюу аяктады, ал эми Бирикме өз ишмердүүлүгүн токтотту деп эсептелет.

12.4. Бирикменин ишмердүүлүк процессинде пайда болгон документтер, жоюлган учурда “Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.