2025-жылдын 18-октябрында Ош шаарында, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу №36806 аскер бөлүгүнүн полигонунда «Түштүк чек ара» аттуу снайпинг боюнча мелдеш өттү.

22 October 2025

Мелдешке 34 аткыч катышып, 100 метрден 1000 метрге чейинки аралыктагы 10 тапшырманы аткарышты.

 

Жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр:

1-орун — Витхен Евгений, винтовка «Илбирс», калибр 6.5 Creedmoor

2-орун — Зуев Денис, винтовка «Илбирс», калибр 6.5 Creedmoor

3-орун — Зуев Сергей, винтовка Blaser R8, калибр 6.5 Creedmoor

4-орун — Шестаков Андрей, Bergara B14 (6.5/55)

5-орун — КР УКМКнын «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкери, Tikka (6.5 Creedmoor)

 

Тактикалык класс:

1-орун — КР УКМКнын «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкери, SAKO TRG-22 (6.5 Creedmoor)

2-орун — КР УКМКнын «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкери, Savage (6.5 Creedmoor)

3-орун — КР УКМКнын «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкери, ORSIS (338 LM)

 

«Жарым автоматтык винтовка» категориясы:

1-орун — КР УКМКнын «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкери, Тигр (7.62×54 мм)

2-орун — КР Коргоо министрлигинин аскери, СВД (7.62 мм)

3-орун — КР Коргоо министрлигинин «Илбирс» атайын күчтөрүнүн аскери, СВД (7.62 мм)

 

Бул мелдеш аскердик жана жарандык спорттук снайпинг тармагындагы тажрыйба алмашуунун жана ок атуу чеберчилигин өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болду.

 

🎖 Бардык катышуучуларды жана жеңүүчүлөрдү жогорку жыйынтыктары жана кесипкөйлүгү менен куттуктайбыз!

Снайпердик чеберчилик, сабырдуулук жана спорттук дух үчүн ыраазычылык билдиребиз!