Чүй районунда «Снайперлердин финалдык кубогу» өттү

12 December 2022

10-декабрда снайперлер федерациясы Кыргызстанда снайперлердин финалдык кубогун өткөрдү. Чүй районунун Сары-Жон айылындагы “Искандер Сервис жана Компаня” атуу клубунун аймагында туруксуз шартта ок атуу боюнча мелдеш өттү.

Бул турнир 50 метрден 600 метрге чейинки аралыкта 11 көнүгүүдөн турду. Алардын бешөөндө аткычтар так атуу, экөөсүндө алыскы аралыкка атуу, төртөөдө динамикалык атуу боюнча күч сынашты. Турнирге 33 аткыч катышты.

«Кыргызстанда биринчи жолу бардык көнүгүүлөр туруксуз абалдан аткарылган мелдештер өткөрүлдү. Бул мелдештерге үч жаңы көнүгүү киргизилди: чатырдан ок атуу, унаанын салонунан атуу жана «Ромашка» атуу динамикалык бутага атуу, - дейт снайперлер федерациясынын башкармалыгынын төрагасы Айдар Окенов.

Турнир Эл аралык конфедерациянын Т-классында катталып, беттештин жыйынтыгы онлайн режиминде көрсөтүлдү.

Соңку турнирдин жыйынтыгында ок атуу категориясы боюнча 1-орунду КР МУККнын «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкери ээледи. Мелдештин “күмүш” жеңүүчүсү Сергей Зуев 6,5 creedmoor калибриндеги Ремингтон мылтыгы менен, ал эми “коло” жеңүүчү болуп Евгений Витхен 6,5 creedmoor калибриндеги “Илбирс” мылтыгы менен табылды. Төртүнчү орунду Азис Жумалиев 6,5 creedmoor Mauser M18 узун ренж мылтыгы менен алды. Ал эми бешинчиси Бакир Арыков Remington 700 мылтыгы менен 6,5 reedmoor. Байгелүү болгон аткычтарга медаль, грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Кыргызстандын Снайпинг федерациясы 2021-жылдын июнь айында энтузиаст-аткычтардын демилгеси менен түзүлгөн. Федерациянын негиздөөчүлөрү Кыргызстанда жогорку тактык атууларды жайылтууну, узун стволдуу ок атуучу куралдарды коопсуз колдонуу маданиятын калыптандырууну, сергек жашоонун образын, патриотизм жана жаратылышты сыйлоону жайылтуусун ниет кылат.

КР Снайпинг федерациясы