КР УКМКнын Чек ара кызматынын снайперлерин окутуу боюнча биргелешкен машыгуусу жыйынтыкталды.

05 December 2022

Кыргыз Республикасынын Снайпинг федерациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын УКМК-нын Чек ара кызматынын өздүк курамына 100 метрден 1000 метрге чейин жогорку тактыкта ок атуу боюнча машыгуу өткөрүлдү.

Мындан тышкары, өздүк курамга колдоо көрсөтүүнүн алкагында КР УКМКнын Чек ара кызматына жалпы суммасы 1 700 000сомдон ашык атайын техникалар берилди.

«Биз курал-жарактын жигердүү жаңыланып жатканын көрүп кубанып жатабыз, бул албетте өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого таасирин тийгизет. Чек арачылардын жогорку деңгээлдеги ок атууларын да белгилеп кетким келет», - деди Снайпинг федерациясынын башкармалыгынын төрагасы Айдар Окенов.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Снайпинг федерациясы менен УКМКнын Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын ортосундагы келишимдин алкагында өткөрүлүүдө.

Кыргызстандын Снайпинг федерациясы 2021-жылдын июнь айында энтузиаст-аткычтардын демилгеси менен түзүлгөн. Федерациянын негиздөөчүлөрү Кыргызстанда жогорку тактык атууларды жайылтууну, узун стволдуу ок атуучу куралдарды коопсуз колдонуу маданиятын калыптандырууну, сергек жашоонун образын, патриотизм жана жаратылышты сыйлоону жайылтуусун ниет кылат.

КР Снайпинг федерациясы