КЕСИПТЕШТЕРДЕН КУТТУКТОО

26 June 2021

Россиянын Жогорку тактыкта атуу федерациясы биздин кесиптештерибизди жана досторубузду Кыргызстандын Снайпинг федерациясынын түзүлгөнү жана расмий катталганы менен куттуктайт. Бул Кыргызстан үчүн гана эмес, атуу спорт түрүнө кызыккандардын бардыгы үчүн салтанаттуу жана маанилүү окуя. Жаңы федерация биздин жалпы кызыгуубуз – жогорку тактыкта атуунун өнүгүшүнүн жаңы кадамын түзө алат деп ишенебиз. Жогорку тактыкта атуу федерациясынын спортчулары Кыргызстандагы иш-чараларга, турнирлерге жана машыгуу семиналарына катышууга, спортту өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө кубанычта болот. Биздин уюмдардын кызматташтыгы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы маданий жана спорттук алмашууну дагы көбүрөөк бекемдейт.

КИМ АЛЕКСЕЙ РОБЕРТОВИЧ>
«ФВСР» ЖЧК башкармалыгынын төрагасы