КРнын Снайпинг федерациясынын аткычтары Болгарияда өткөн эл аралык мелдештерге катышты.

08 October 2024

Эл аралык «Т-класс» конфедерациясы тарабынан уюштурулган «Kahles T-class mile cup 2024» атуу боюнча мелдеш 28-29-сентябрда Болгариянын София шаарынын чет жакасында аскердик окуу-машыгуу полигонунда өттү.  

Эки күндүк турнир 1000 метрден 1600 метрге чейинки аралыкка атуу боюнча он көнүгүүдөн турду. Бул мелдешке КРСФдин төрт аткычы ар кайсы өлкөлөрдөн келген 35 аткыч менен бирге катышты.  

Кыргызстанда снайпинг боюнча мелдеште башкы калыстык кылган Эрик Бабаевдин айтымында —  “«Kahles T-class mile cup 2024» сынагы албетте, биздин аткычтар үчүн дагы бир баалуу тажрыйба болуп калды. Болгариядагы полигондогу Атмосфера достук маанайда болуп, спортчулар өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Матчтагы көнүгүүлөрдү аткаруу оңой болгон жок, бирок ошол эле учурда кызыктуу болду".

Өз кезегинде кыргызстандык аткычтар турнирди мыкты уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, зор тажрыйба алышканын жана атуу чеберчилигин дагы бир жолу жакшыртканын белгилешти.  

Белгилей кетсек, мелдештин жыйынтыгы боюнча кыргызстандык аткычтар төмөнкү байгелүү орундарга жетишти: Сеитниязов Камилжан он үчүнчү орун, Нурматов Анварбек он төртүнчү орун, Жумалиев Азис жыйырма төртүнчү орун, КР УКМК 9-кызматынын кызматкери онунчу орунду ээлешти.