БИШКЕКТЕ ЖОГОРКУ ТАКТЫКТА АТУУ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТТҮ

21 June 2021

«Снайпинг KG 2020» жогорку тактыкта атуу боюнча мелдештердин жазгы этабы 20-июнда өттү.

Иш-чара «Выстрел» спорттук-атуу комплексинде 23 аткычты, ошондой эле өлкөнүн булуң-бурчунан келген байкоочуларды жана мергенчилерди чогултту.

Мелдештин программасына ар кандай позициядан жана убакытты чектөө менен 300дөн 600 метрге чейинки аралыкта атуулар кирди. 300 метр аралыкта «Снайпинг мергенчилик класс» жана 600 метр аралыкта «Снайпинг варминт» номинацияларында дипломдор ойнотулду.

Мелдештин жыйынтыгында мергенчилер классында биринчи орунду Сергей Зуев, экинчи орунду — Владимир Приходько жана үчүнчү орунду — Айдар Окенов ээледи. Варминт классында биринчи орунду — Павел Титорев, экинчини — Владимир Приходько жана үчүнчү орунду — Сергей Зуев алды. Мелдеш аяктагандан кийин «Выстрел» атуу комплексинин директору Сыргак Кадыралиев жана иш-чаранын калысы Владимир Назаров катышуучуларга дипломдорду жана акчалай байгелерди ыйгарышты.

Материал сайттан алынды https://24.kg/biznes_info/157220/