КЫРГЫЗСТАНДА СНАЙПИНГ ФЕДЕРАЦИЯСЫ ТҮЗҮЛДҮ

24 June 2021

Бишкекте Снайпинг федерациясынын алгачкы жолугушуусу өттү.

Иш-чарага жогорку тактыкта атууну сүйүүчүлөр жана кесипкөйлөр, ошондой эле КР Коргоо министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Уюмдун бет ачары өтүп, журналисттер арасында атуу боюнча мелдеш өттү. Катышуучулар тажрыйба бөлүшүп, куралды колдонуу маданияты жөнүндө айтып беришти жана курал менен иштөө көндүмдөрүн көрсөтүштү.

Снайпинг – бул оптикалык мээлөө менен жогорку тактыктагы снайпердик куралды колдонуу менен жашыруун жерден атуу.

Кыргызстандын Снайпинг федерациясы 2021-жылдын июнунда спорттун бул түрүн жайылтуу жана өнүктүрүү үчүн түзүлгөн. Уюмдун негизги милдеттери: ок атуучу куралды коопсуз колдонуу көндүмдөрүн калыптандыруу, куралды колдонуу маданиятын өркүндөтүү, атуу даярдык деңгээлин жогорулатуу, окууларды жана мелдештерди өткөрүү, ошондой эле сергек жашоо образын жана патриоттуулукту жайылтуу болуп саналат.

Материал сайттан алынды КУМА «Кабар»