Кыргызстанда Снайпер кубогунун экинчи этабынын жеңүүчүлөрү аныкталды

05 June 2023

Снайпер кубогунун экинчи этабынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине КР Снайпинг федерациясынан маалымдашты. «Баткен чеги» аталышындагы мелдеш Бужум айылында өттү.

Турнир 100 метрден 1 миң метрге чейинки аралык менен тогуз көнүгүүдөн турду. Алардын ичинен беш көнүгүүдө аткычтар тактык боюнча, экөөңдө – алыскы аралык боюнча жана экөөндө – динамика боюнча таймашты. Турнирге 70 аткыч катышты.

Чек ара кызматынын «Бөрү» атайын тобунун кызматкерлери Федерациянын тарыхында биринчи жолу үчүнчү жана алтынды орунду ээлешти. УКМК Чек ара кызматы жүргүзүп жаткан курал-жарактарды жаңыртуу жана Федерация менен биргеликте окутуу өз жемишин берүүдө. Ошондой эле татаал көнүгүүлөрдүн ичинен биз алыстыкты өлчөгүчтү пайдалануусуз тор боюнча аралыкты аныктоо менен түнкү убакытта атууну киргиздик. Иш-аракеттердин белгилүү бир ырааттуулугун аткаруусуз жана эсептөөлөрсүз бул көнүгүүнү аткаруу мүмкүн эмес», — деди федерациянын башкармалыгынын төрагасы Айдар Окенов.

Турнирдин жыйынтыгында «болт мылтык» категориясында биринчи орунду 6,5 creedmoor калибрлүү Tikka T3 Tac A1 мылтыгы менен Айдар Окенов алды. Мелдештин күмүш байге ээси 300 wm калибрлүү Orsis Alpine мылтыгы менен Анварбек Нурматов болду. Үчүнчү орунду «Бөрү» тобунун кызматкери алды, төртүнчү орунду 6,5 creedmoor калибрлүү Remington 700 мылтыгы менен Бакир Арыков ээледи. Бешинчи орунду 6,5 creedmoor калибрлүү «Илбирс» мылтыгы менен Евгений Витхен алды.

Байгелүү орундарды ээлеген аткычтар медалдар, грамоталар жана байгелер менен сыйланды.