Кыргыз Республикасынын Снайпинг федерациясы тараптардын ортосунда мурда түзүлгөн өнөктөштүк жөнүндө Макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин снайперлерине окуу өткөрдү.
Беш күндүн ичинде аскер кызматкерлери кесиптик даярдык деңгээлин жогорулатууга жана снайпердик көндүмдөрдү өркүндөтүүгө багытталган «Жогорку тактыктагы атуунун негиздери» аттуу курстан өтүштү.
Окуу программасына төмөнкү темалар боюнча теориялык жана практикалык сабактар кирди:
- снайпердин жабдуулары;
- патрондун түзүлүшү жана конструкциясы;
- баллистикалык коэффициент;
- октун ылдамдыгы жана анын төмөндөшүнө таасир этүүчү факторлор;
- жогорку тактыктагы атуунун негиздери;
- оптикалык көздөгүчтөр менен иштөө;
- тышкы баллистиканын негиздери;
- курал менен коопсуз иштөө эрежелери;
- ошондой эле заманбап снайперди даярдоонун башка негизги элементтери.
Окуу-машыгуу жыйындарына «Пантера», «Скорпион» жана «Илбирс» атайын багыттагы бөлүктөрүнүн аскер кызматкерлери, ошондой эле Кой-Таш жана Балыкчы гарнизондорунун снайпердик бөлүктөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жогорку тактыктагы атуу боюнча адистерди даярдоону өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн Кыргыз Республикасынын Снайпинг федерациясынын жетекчилигине ыраазычылык билдирет.
Тараптар аскер кызматкерлеринин кесиптик даярдык деңгээлин жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого багытталган кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө ниеттенишет.