«Ысык-Көлдүк миля» снайпердик мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.

02 July 2024

 Мелдеш 29-июнь күнү Коргоо министрлигинин Балыкчы шаарындагы «Эдельвейс» окуу-машыгуу полигонунда болуп өттү.

 «Аткычтар өз көндүмдөрүн жогорку деңгээлде көрсөтүштү, биздин 1600 метрге болгон мелдеште бардыгы бутага тийгизе атып жатышты» - деп кубануу менен айтып берди Федерация башкармалыгынын төрагасынын орун басары Самат Мадиев.

Федерация бардык күч түзүмдөрүнүн иштеп жаткан кызматкерлери катыша турган жаңы тактикалык классты киргизген. Бул - ведомстволук күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү өз ара атаандаш болгон жалпы матчтын ичиндеги өзүнчө мелдеш сыяктуу. Ошондой эле КРСФ сапаты өтө бекем болоттон - Hardox  материалынан жасалган гонгду биринчи жолу пайдаланды.

Турнир бир нече категориялар боюнча уюштурулду: 

  • «Болттуу мылтык»
  • 1000 м ден 1600м ге чейинки дистанциялар менен 8 көнүгүү;
  • «Жарым автоматтык мылтык» 100м ден 800м ге чейинки дистанциялар менен 6 көнүгүү;

Өткөрүлгөн турнирдин жыйынтыгы боюнча төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталды:

«Болттуу мылтык» категориясы

1-орун – Нурматов Анварбек 300 WM калибрлүү «Tikka T3» мылтыгы менен  ;

2-орун – Зуев Сергей 300 WSM калибрлүү«Blaser R8» мылтыгы менен ;

3-орун – Шестаков Андрей 6.5/55 калибрлүү «BERGARA В14» мылтыгы менен;

4-орун – КР УКМКнын 9- кызматынын кызматчысы 338Lap.Mag калибрлүү «Savage 110 BA Tactical» мылтыгы менен;

5-орун  – Гайфулин Руслан 300 WSM калибрлүү «BERGARA B-14» мылтыгы менен.

 

«Болттуу мылтык» категориясы тактикалык класс

1-орун – КР УКМКнын 9- кызматынын кызматчысы 338Lap.Mag калибрлүү «Savage 110 BA Tactical» мылтыгы менен:

2-орун  – КР УКМКнын «Альфа» атайын бөлүмүнүн кызматчысы 338Lap. Mag калибрлүү «ORSIS T-5000» мылтыгы менен;

3-орун  – КР УКМКнын «Альфа» атайын бөлүмүнүн кызматчысы 338LМ. калибрлүү «ASR» мылтыгы менен.

 

«Жарым автоматтык мылтык» категориясы

1-орун – КР КМдин «Илбирс» атайын бөлүмүнүн аскер кызматчысы 7.62 мм калибрлүү «СВД» мылтыгы менен;

2-орун  – ИИМ ТЧАОнун кызматчысы 7.62 мм калибрлүү «СВД» мылтыгы менен;

3-орун – КР КМдин «Илбирс» атайын бөлүмүнүн аскер кызматчысы 7.62 мм калибрлүү «СВД» мылтыгы менен.