Кыргыз Республикасынын Снайпер федерациясынын аткычтары Сербияда өткөн эл аралык мелдешке биринчи жолу катышты.

17 June 2023

2023-жылдын 12-июнунда Сербиянын Лесковац шаарына жакын жерде өткөн "Калес Юстиниана Прима 2023" эл аралык мелдеши аяктаган. Бул мелдешке 8 өлкөдөн 33 аткыч менен бирге ФСКРдин беш мучосү катышты. Эки күнгө созулган турнир 350дөн 1200 метрге чейинки аралыкты камтыган 12 көнүгүүдөн туруп, жалпысынан 100дөн ашык ок атуу болду.

«Бул биздин Федерация үчүн маанилүү окуя, биз эл аралык мелдешке биринчи жолу барып, жалпысынан жакшы жыйынтык көрсөттүк», - дейт КР снайпинг федерациясынын башкармалыгынын төрагасы Айдар Окенов.

Акыркы турнирдин жыйынтыгы боюнча алгачкы төрт орунду Россия Федерациясынын өкүлдөрү, бешинчи орунду Кыргыз Республикасынын снайпер федерациясынын аткычы Азис Жумалиев ээледи. Евгений Витхин - 10-орун, Айдар Окенов - 15-орун, Сергей Зуев - 21-орун, Камилжан Сейтниязов - 22-орун.

Кыргыз Республикасынын Снайпер федерациясы 2021-жылдын июнь айында дилгир аткычтардын демилгеси менен түзүлгөн. Федерациянын негиздөөчүлөрү жогорку тактыктагы атууларды жайылтууну, ок атуучу куралды узун стволдуу мылтыктар менен коопсуз колдонуу маданиятын калыптандырууну, ошондой эле сергек жашоо образын, патриоттуулукту жана жаратылышты сыйлоону жайылтууну көздөшүүдө.