Аткыч-спортчулар Эгемендүүлүк күнүн снайпинг боюнча мелдеш менен белгилешти.
31-августта Кыргызстандын снайпинг Федерациясы КР УКМКнын Чүй облусундагы окуу-машыгуу борборунун полигонунда ок атуу боюнча мелдеш өткөрдү.
Турнир Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлдү. Мелдеш 10 көнүгүүдөн туруп, 100 метрден 1000 метрге чейин аралыкты камтыды.
"Бул мелдеш да адаттагыдай эле достук жана атаандаштык маанайда өттү. Бардык көнүгүүлөр катышуучулар атуу чеберчилигин көрсөтө алышы үчүн жасалды. Айрымдары жебелерди аткычтар татаал, бирок кызыктуу деп белгилешти. Албетте, биздин спортчулардын чеберчилиги жогорулап баратат, муну биздин мелдештердин жыйынтыктары улам-улам айтып турат", — деди Башкы калыс Эрик Бабаев.
Өткөн турнирдин жыйынтыгы боюнча тактикалык класстагы "Болт мылтыктары" категориясында биринчи орунду 6.5 creedmoor калибрдеги «Tikka» мылтыгы менен КР УКМКнын "Альфа" атайын бөлүмүнүн кызматкери алды. Экинчи орунду улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин "Альфа" атайын бөлүмүнүн кызматкери 6.5 creedmoor калибрдеги «Sako-TRG» мылтыгы менен ээледи. Ардактуу үчүнчү орунду КР УКМКнын 9-кызматынын кызматкери 338 LM калибрдеги «Savage 110 BA Tactical» мылтыгы менен алды.
"Болттуу мылтык" категориясында биринчи орунду Нурматов Анварбек 6.5 creedmoor калибриндеги «Savage 110» мылтыгы менен ээледи. Экинчи орунду Зуев Сергей 6.5 creedmoor калибриндеги «Blaser R8» мылтыгы менен ээледи. Үчүнчү орун Шестаков Андрей 6.5/55 калибриндеги «BERGARA В14» мылтыгы менен утуп алды. Төртүнчү орундарды КР УКМКнын "Альфа" атайын бөлүмүнүн кызматкери 6.5 creedmoor калибриндеги «Tikka» мылтыгы менен, 6.5 creedmoor калибриндеги "Илбирс" мылтыгы менен Зуев Денис бөлүштү. Бешинчи орунду Витхен Евгений 6,5 creedmoor калибрдеги "Илбирс" мылтыгы менен алды.
"Жарым автоматтык мылтык" категориясында биринчи орунду КР УКМК Чек ара кызматынын "Бөрү" атайын бөлүгүнүн аскер кызматчысы 7.62 мм калибрдеги "СВД" мылтыгы менен ээледи, 7.62 мм калибрдеги "СВД" мылтыгы менен катышкан КР Коргоо министрлигинин “Илбирс” атайын бөлүмүнүн кызматкери "күмүш" медалдын ээси аталды. Ал эми КР ИИМинин "Шер" атайын бөлүмүнүн кызматкери 7.62 мм калибрдеги "СВД" мылтыгы менен катышып, "коло" медалга ээ болду.
Байгелүү орундарга ээ болгон аткычтар медаль, грамоталар менен сыйланышты.