Балыкчыда өтө алыскы аралыкка снайпинг боюнча мелдеш өттү

11 July 2023

8-июлда Кыргыз Республикасынын Снайпинг федерациясы КР Коргоо министрлигинин Балыкчы шаарындагы «Эдельвейс» полигонунда өтө алыскы аралыкка атуу боюнча салттуу мелдештерди өткөрдү. Мелдеш 1000 метрден 1600 метрге чейинки аралыкка атууну камтыган 6 көнүгүүдөн турду. 35 аткычтын ортосунда 60 миң сом байге фонду менен бир комплект кубок жана 1, 2 жана 3-орундар үчүн грамоталар ойнотулду.

«Балыкчы бул атуу үчүн өзгөчө жер, бул жерде дайыма катуу шамал болуп турат, бул ирет секундасына 8 метрге чейин жетти. Ошондой эле тууралаган адамдардын тажрыйбасыздыгы байкалды, алар иш жүзүндө жогорулатуунун ордуна, таамай тийүүнү төмөндөтүп, аткычтарды адаштырышты», - деди Снайпинг федерациясынын башкармалыгынын төрагасы Айдар Окенов.

Бул мелдештин өзгөчөлүгү желп этме шамал шарттарында 1600 метр – миль өтө алыскы аралыктагы көнүгүү болду, бул баллистикалык оңдоолорду эсептөөнү өтө татаалдаштырды. Төрт аткыч бул аралыкта 80 сантиметрде бутаны таамай атышты.

Турнир Т-классындагы Эл аралык конфедерацияда катталган жана матчтын жыйынтыктары онлайн көрсөтүлгөн. Матчта башкы судья Кыргызстандын Снайпинг федерациясынын судьясы Эрик Бабаев болду.

Өткөн турнирдин жыйынтыгы боюнча өтө алыскы аралык категориясындагы 6 көнүгүүнүн ичинен биринчи орунду 300WSM калибриндеги «Zbroyar» мылтыгы менен Константин Вотяков алды. Мелдештин «күмүш» байге ээси 7/270 WSM калибриндеги мылтыгы менен Алексей Соловьев болду, ал эми «коло» байгени 6.5 Creedmoor калибриндеги MPA мылтыгы менен Камилжан Сеитниязов алды. Төртүнчү орунду 6.5 Creedmoor калибриндеги Blaser R8 мылтыгы менен Марат Окенов жана бешинчи орунду 6.5 Creedmoor калибриндеги Daniel Defence Delta мылтыгы менен Залкар Касымалиев ээледи.

Кыргызстандын снайпинг федерациясы 2021-жылдын июнунда аткыч-энтузиасттардын демилгеси менен түзүлгөн. Федерацияны негиздөөчүлөр Кыргызстанда жогорку тактыкта атууну жайылтууну, ок атуучу узун сайлуу стволу бар куралды коопсуз колдонуу маданиятын калыптандырууну, ошондой эле сергек жашоо образын, мекенчилдикти жана табиятка аяр мамиле кылууну жайылтууну көздөшөт.

КР Снайпинг федерациясы