ЧҮЙ ОБЛУСУНДА «KAHLES DYNAMIC LONG RANGE COMPETITION» АТТУУ СНАЙПИНГ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТТҮ

11 March 2024

9-мартта «KAHLES DYNAMIC LONG RANGE COMPETITION» аттуу снайпинг боюнча мелдеш аяктады. Турнир Сары-Жон айылында «Искандер Сервис жана Компания» спорттук-аткыч клубунун аймагында өттү.

«Бул мелдеште биринчи жолу Dynamic Long Range жаңы атуу эрежелери колдонулду жана кагаз боюнча көнүгүүлөр дээрлик болгон жок» – деп айтып берди КР Снайпинг федерациясынын башкармасынын төрагасы Айдар Окенов.

Эки күндүк турнир жалпы саны 140 атууга чейин 100 метрден 1000 метрге чейинки аралык менен 20 көнүгүүдөн турду. Мелдешке 23 аткыч катышты.

Турнирдин жыйынтыгында биринчи орунду 6,5 Creedmoor калибриндеги Tikka T3 A1 мылтыгы менен Зуев Денис алды. Күмүш байгенин ээси 6.5 PRC калибриндеги Tikka t3x мылтыгы менен Вотяков Константин, ал эми «коло» байгенин ээси – 6.5 creedmoor калибриндеги Remington мылтыгы менен Арыков Бакир болду. Төртүнчү орунду 6.5 creedmoor калибриндеги Savage 110 мылтыгы менен Анварбек Нурматов алды. Бешинчи орунду6.5 creedmoor калибриндеги Blaser R8 мылтыгы менен Зуев Сергей ээледи.

Байгелүү орунду ээлеген аткычтар медалдар, грамоталар, ошондой эле демөөрчү – Kahles өтө так оптиканы жана техниканы даярдоо боюнча австрия компаниясынан атайын байгелер менен сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын Снайпинг федерациясы 2021-жылдын июнунда ышкыбоз аткычтардын демилгеси менен түзүлгөн. Федерацияны негиздөөчүлөр Кыргызстанда жогорку тактык менен атууну популяризациялоону, ок атуучу узун стволдуу сайлуу куралды коопсуз колдонуу маданиятын калыптандырууну, ошондой эле сергек жашоо образын, мекенчилдикти жана табиятка аяр мамиле кылууну жайылтууну көздөйт.

 

КР Снайпинг федерациясы