Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө карата Чүй областында снайпинг боюнча мелдеш өттү.

31 August 2022

27-августта Сары-Жон айылындагы “Искандер Сервис и Компания” ок атуу клубунун аймагында Снайпинг федерациясынын мелдеши өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлгөн биринчиликте 34 спортчу катышты. Алар 100 метрден 1200 метр аралыкта бута атуу боюнча 11 көнүгүү менен күч сынашышты. Анда, таамай атууда беш, ыкчам атууда үч жана алыскы аралыктан атуу боюнча үч көнүгүү аткарылды.

Снайпинг федерациясынын төрагасы Айдар Океновдун айтымында атайын Россия Федерациясынан жасатылып келинген бурула турган бута киргизилди.

Турнир эл аралык конфедерациянын Т-классында катталып, он-лайн түз эфирде көрсөтүлуп турду.

Жыйынтыгында “болтовая винтовка” категориясы боюнча Бакир Арыков 6,5 “creedmооr” калибриндеги “Remington 700” мылтыгы менен биринчи орунду камсыздады. Күмүш медалды 6,5 “creedmооr” калибриндеги “Savage 110 Precision” мылтыгы менен Камилжан Сеитниязов ээледи. Коло медалды Владимир Приходько 6,5 “creedmооr” калибрлүү “Tikka” мылтыгы менен алды. Төртүнчү оорунга 6,5 “creedmооr калибрлүү Mauser M18 long renge мылтыгы менен Азиз Жумаев татыса, Михаил Зуев Blazer R8 300 WSM мылтыгы менен бешинчи орунга илинди.

“Жарымавтомат” (полуавтомат) категориясында биринчи жана үчүнчү орунду УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери ээлешти. Ал эми күмүш медалды УКМКнын 9-бөлүмүнүн кызматкери алды. Баары 7,62 калибриндеги СВД мылтыгы менен катышышкан.

Алдыңкы орундарды алган катышуучулар акчалай жана баалуу белектер, дипломдор менен сыйланышты.

Кыргызстандын снайпинг федерациясы 2021 – жылы, июнда демилгечи-ок атуучулар тарабынан уюшулган. Негиздөөчүлөр таамай атуу, ок атуучу курал пайдалануу, сергек жашоо образы, патриоттуулук жана жаратылышка жакшы мамиле кылуу маданиятын жайылтууну ниет кылышат.