Кыргызстанда KAHLES DLRC «Ысык-Көл миль» аталышындагы мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.
Мелдеш 2025-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскердик бөлүгү 20636нын (Эдельвейс) окуу-машыгуу борборунун полигонунда, Балыкчы шаарында өттү.
Мелдешке болттук винтовка категориясында 27 жана жарым автоматтык винтовка категориясында 11 аткыч катышты.
Атуу аралыктары: 100дөн 1710 метрге чейин, ал эми жарым автоматтык винтовкалар үчүн — 100дөн 800 метрге чейин болду.
Жыйынтыгы боюнча байге ээлери төмөндөгүчө аныкталды:
Болттук винтовкалар категориясы:
1-орун — ГКНБ КРнын «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкери, “ORSIS” винтовкасы, калибр: 338 LM
2-орун — ГКНБ КРнын «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкери, “ORSIS” винтовкасы, калибр: 338 LM
3-орун — Зуев Денис, “Илбирс” винтовкасы, калибр: 6,5 PRS
4-орун — Миррахимов Ильзат, “Илбирс” винтовкасы, калибр: 300 Norma Mag
5-орун — Зуев Михаил, “Blaser R8” винтовкасы, калибр: 300 WSM
Тактикалык класс:
1-орун — ГКНБ КРнын «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкери, “ASR” винтовкасы, калибр: 338 LM
2-орун — ГКНБ КРнын 9-кызматынын кызматкери, “VOERE” винтовкасы, калибр: 300 WM
3-орун — ГКНБ КРнын «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкери, “Orsis Alpine” винтовкасы, калибр: 338 LM
Жарым автоматтык винтовка категориясы:
1-орун — ГКНБ КРнын «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкери, «POV» винтовкасы, калибр: 308 win
2-орун — ГКНБ КРнын «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкери, «Тигр» винтовкасы, калибр: 7.62×54 мм
3-орун — ГКНБ КРнын «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкери, «СВД» винтовкасы, калибр: 7.62 мм
“Ысык-Көл миль” мелдешин салттуу түрдө Балыкчы шаарындагы аскердик полигондо өткөрүп келебиз. Коргоо министрлигине жана бөлүк жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз. Бул жерде узак аралыкка атуу мүмкүнчүлүгү, өзгөрмө шамал жана өзгөчө аба ырайы бар. Мындай шарттарда аткыч шамалды окуп, тез ыңгайлаша билүүсү керек. Бул жылы биз кыйынчылык коштук: максималдуу аралыктын узундугу 1700 метрге чейин кеңейтилди. Айрым аткычтар бул чакырыкты ийгиликтүү багындырышты. Бул мелдеш KAHLES компаниясынын финалдык чемпионатына (сентябрда, Италияда өтөт) тандоо турун жапкандыктан, атаандаштык күчтүү болду. Жалпысынан жыйынтыктар биздин аткычтардын чеберчилиги өсүп жатканын айгинелейт, бул сөзсүз түрдө кубанычтуу.” – деди башкы калыс Эрик Осконалиевич Бабаев