2025-жылдын 23-августунда Чүй облусунун Сары-Жон айылында жайгашкан «Искандер Сервис и Компания» аткычтык-спорттук комплексинде Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн күнү белгиленгенине арналган DLR дисциплинасындагы мелдештер өттү.

20 May 2025

Турнирге 25 мергенчи катышып, 100 метрден 1000 метрге чейинки аралыкта аткычтык чеберчилигин көрсөтүштү.

Жыйынтыктар:

1-орун — Витхен Евгений, «Илбирс» мылтыгы, 6,5 Creedmoor калибри.

2-орун — Зуев Сергей, «Blaser R8» мылтыгы, 6,5 Creedmoor калибри.

3-орун — КР УКМК «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкери, «Tikka» мылтыгы, 6,5 Creedmoor калибри.

4-орун — Сеитниязов Камилжан, «Master Piece Arms» мылтыгы, 6BR Norma калибри.

5-орун — Зуев Михаил, «Blaser R8» мылтыгы, 6,5 Creedmoor калибри.

Мелдештин башкы калысы Эрик Осконалиевич Бабаев уюштуруунун жогорку деңгээлин жана катышуучулардын кесипкөйлүгүн белгилеп өттү:

«Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган бул мелдешке биринчи жолу Казакстандан спортчулар катышышты. Алар татыктуу деңгээлди көрсөтүшүп, биздин мелдеш тууралуу жакшы пикирлерин билдиришти».

Биз жеңүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктайбыз жана бардык катышуучуларга мыкты оюн үчүн ыраазычылык билдиребиз. Кыргызстандык жана өнөктөш өлкөлөрдүн мергенчилерине мындан аркы ийгиликтерди, спорттук жеңиштерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз!