КЫРГЫЗСТАНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ СНАЙПИГ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ӨТТҮ

06 September 2021

Катышуучулар тактык, ылдамдык, көңүл коюучулук боюнча таймашты, 100дөн 730 метрге чейинки аралыкта кагаз жана металл буталарга атышты.

Бишкек шаарына жакын, Баш-Кара-Суу айылында Кыргызстандын Аскердик жана практикалык атуу федерациясынын колдоосунда Снайпинг федерациясы уюштурган Т-классындагы биринчи аткычтар мелдеши өттү. Матчты өткөрүүгө Россиялык кесиптештер жардам беришти. Бул тууралуу 24.kg сайтына спорттук иш-чараны уюштуруучулар билдиришти.

Калыстык кылуу үчүн борбор калаага практикалык атуу боюнча Россиянын спорт чеберлери келишкен. Таамай аткычтыкка текшерүүдөн 43 адам өттү. Сүйүүчүлөр жаа кесипкөйлөр болттуу жана жарым автоматтык мылтыктардан атуу көндүмдөрүн көрсөтүштү. Күч органдарынын кызматкерлери өзүнүн аскердик чеберчилигин көрсөтүү үчүн чакырылган.

Катышуучулар тактык, ылдамдык, көңүл коюучулук боюнча таймашты, 100дөн 730 метрге чейинки аралыкта кагаз жана металл буталарга атышты.

«Жарандык аткычтар өзүнүн атуу көндүмүн өнүктүрүү үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөргө ээ, анткени атайын бөлүмдөрдүн жоокерлеринин атуу даярдыгынан тышкары башка дагы милдеттери бар. Атууга убакыт аз болуп калат. Ошондуктан бул жаатта тажрыйба алмашуу эки тарап үчүн тең пайдалуу болот», — деп белгиледи россия тараптын өкүлү Иван Лангуев.

Анын пикиринде, даярдык жагынан кыргызстандык аткычтар россиялык аткычтардан кем калышпайт. Байгелүү орундар үчүн күрөш катуу болду. Снайпинг — бул таамайлыкты гана эмес, максималдуу ыкылас коюуну жана бардык позицияда так максатка атууну талап кылган бүтүндөй бир илим. Ачык мейкиндикте жаза атып албашы үчүн атмосфералык шарттарды эске алуу жана аба агымдарынын параметрлерин туура эсептөө керек.

«Бир көнүгүү татаал, ал эми башкасын оңой-олтоң аткарууга болот деп айтуу мүмкүн эмес. Бардык таамай тийүү – бул талбай даярдануунун жана туура мамиленин жыйынтыгы. Снайпингде ар бир деталды эске алуу керек. Кыргызстанда эми биздин аткычтар өзүнүн чеберчилигин өркүндөтүп, кесипкөйлүк жаатта өсө турган аянтча пайда болгонуна кубанычтамын», — деп белгиледи турнирде мергенчи Денис Злобин.

Снайпинг федерациясынын башкармалыгынын төрагасы Айдар Океновдун айтуусунда, Кыргызстанда жылдын акырына чейин жогорку тактыкта атуу боюнча дагы үч турнир өткөрүлөт. Мыктылардын мыктысы эл аралык мелдештерде КР атынан чыга турган курама командага кирүүгө чакыруу алышат.

«Биз азырынча жаш уюмбуз, бирок алдыга чоң арыш менен кадам жасап жатабыз: атуу эрежелери аныкталды, федерациянын веб-сайты иштелип чыкты жана ишке киргизилди, Т-классындагы снайпинг боюнча алгачкы мелдеш өткөрүлдү. Кыргызстанда атууну жактыргандар көп. Биздин ишибиздин маанилүү багыттарынын бири – ок атуучу куралды колдонуу маданиятын үйрөтүү, көндүмдөрдү жакшыртуу жана аткычтардын даярдыгын жогорку деңгээлге көтөрүү, жогорку тактыкта атууну жактыргандар жана кесипкөйлөр билимин жана тажрыйбасын алмаша турган жакшы аянтчаны түзүү болуп саналат», — деп белгиледи бирикменин башчысы.

Матчтын жыйынтыгы боюнча «так атуу», «динамика» жана «алыскы максат» категорияларында үч байгелүү орунду Сергей Зуев, Евгений Витхин жана Мирлан Акматов алышты. Медалдар менен комплектте биринчи, экинчи жана үчүнчү орундар үчүн алар акчалай сый акы алышты.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын Снайпинг федерациясы ушул жайда түзүлгөн. Бирок азыркы күндө анда 80ден ашык адам катталган. Кайрылуулардын санына жана матчка катышкандардын санына караганда жогорку тактыкта атууга кызыгуу өсүп жатат.

Материал сайттан алынды https://24.kg/sport/205850/