КЫРГЫЗСТАНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ "СНАЙПЕРКАДАН" АТУУ БОЮНЧА ТУРНИР ӨТТҮ

25 June 2021

Республикада Снайпинг федерациясы түзүлдү.

КР Снайпинг федерациясы жогорку тактыкта атууну жайылтуу, патриоттуулукту өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу үчүн түзүлгөн. Федерациянын башкармалыгынын төрагасы Айдар Океновдун айтуусунда, уюмдун негизги милдети коомдо куралды колдонуу маданиятын калыптандыруу болуп саналат.

"Биз бүтүндөй республика боюнча мелдештерди, мастер-класстарды жана тренингдерди уюштурууну пландаштырабыз. Турнирлерге тажрыйба алмашуу жана квалификацияны жогорулатуу үчүн жарандар да, аскер кызматкерлери да катышат. Анткени жарандык аткычтар снайпинг технологияларын тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу менен күч органдарынын кызматкерлеринен алдыга озуп кетишкен, ал эми күч органдарында тандоо азыраак. Жакынкы чет өлкөлөрдөн келген аткычтардын катышуусу менен жогорку тактыкта атуу боюнча биринчи мелдеш 28-августта өткөрүлөт", — деди Окенов.

Ал алдыңкы россиялык адистердин катышуусу менен Кыргызстанда мастер-класстарды өткөрүү жөнүндө, ошондой эле биргелешкен мелдештерди өткөрүү жөнүндө Россиянын Жогорку тактыкта атуу федерациясы менен макулдашууга жетишилгенин белгиледи.

"Снайпинг — бул так максатка тийүү илими, бул жерде атуу баллистикасын аныктоо үчүн математикалык эсептөөлөр, ошондой эле атмосфералык шарттарды эсепке алуу жана шамалдын параметрлерин эсептөө жөндөмү зарыл", — деди ал.

КР Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнүн жана ЖМК кызматкерлеринин катышуусу менен турнир Баш-Кара-Суу айылындагы атуучу жайда өттү. Журналисттер 100 метр аралыкта бутага жогорку сапаттагы оптикасы бар фин жана немец өндүрүшүндөгү мылтыктар менен атышты. Мелдештин жыйынтыгында биринчи орунду Эмилбек Калыбек уулу (КТРК Спорт), экинчи орунду — Кымбат Калыкназарова (Биринчи радио), жана үчүнчү орунду Эламан Касыкеев (КТРК Спорт) алды.

Снайпинг — бул алыскы аралыкта (200 метрден 2 чакырымга чейин) сапаттуу оптикасы бар жогорку тактыктагы куралды колдонуп атуу. Бир жолу атуу менен 3 сантиметр өлчөмүндөгү бутага таамай тийүү керек. Снайпер каалаган абалда, ар кандай чекте ата билиши керек. Таамай атуунун башкы принциби: бир атуу – бир максат.

Материал сайттан алынды https://m.ru.sputnik.kg/photo/20210625/1052992839/snajping-stelok-nauka-vystrel-turnir-kyrgyzstan.html