Ош областында снайпинг боюнча мелдеш болуп өттү

21 October 2022

15-октябрда Кыргызстандын Снайпинг федерациясы Ош облусунун Түлейкен айылындагы "Каплан" спорттук-атуу клубунун аймагында ок атуу боюнча мелдеш өткөрдү.

15-октябрда Кыргызстандын Снайпинг федерациясы Ош облусунун Түлейкен айылындагы "Каплан" спорттук-атуу клубунун аймагында ок атуу боюнча мелдеш өткөрдү. Бул турнир 50 метрден 650 метрге чейинки аралыктагы 8 көнүгүүдөн турду. Алардын бешөөсү аткычтар тактыгы, бирөө алыскы аралыкка, экөө динамика боюнча атышты. Турнирге 25 адам катышты.

"Биз Ош облусунда экинчи жолу мелдеш өткөрүп жатабыз. Бул жердин ок атуу аянты абдан жакшы. Албетте, биздин мелдештерге Ош облусунан аткычтар көбүрөөк катышуусун каалайт элек", - дейт Снайпинг федерациясынын башкармалыгынын төрагасы Айдар Окенов. Турнир Эл аралык T-Class конфедерациясынан каттоодон өтүп, мелдештин жыйынтыгы онлайн режиминде көрсөтүлдү.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча "болт мылтыгы" категориясында 1-чи орунду 6,5 сreedmoor калибриндеги "Rem" мылтыгы менен Сергей Зуев алды. Сынактын "күмүш" жеңүүчүсү болуп 6,5 creedmoor-калибриндеги Savage мылтыгы менен Анварбек Нурматов аныкталды, ал эми УКМКнын 9-кызматынын кызматкери Voere LBW M2 калибр: 308 мылтыгы менен «коло» жеңүүчүсү болдуп аныкталыды. Төртүнчү орунду Азис Жумалиев Mauser М18 long renge 6,5 creedmoor- калибриндеги мылтыгы менен алса, бешинчи орунду Нооман Рахманкулов Сако TRG22 6,5 creedmoor калибриндеги мылтыгы менен алды.

Кыргызстандын Снайпинг федерациясы 2021-жылдын июнь айында энтузиаст-аткычтардын демилгеси менен түзүлгөн. Федерациянын негиздөөчүлөрү Кыргызстанда жогорку тактык атууларды жайылтууну, узун стволдуу ок атуучу куралдарды коопсуз колдонуу маданиятын калыптандырууну, сергек жашоонун образын, патриотизм жана жаратылышты сыйлоону жайылтуусун ниет кылат

Кыргызстандын Снайпинг федерациясы