Чүй облусунда «Кahles жогорку тактыктагы атуу кубогу» аттуу снайпинг боюнча мелдештин 1-этабы болуп өттү

24 February 2023

22-февралда КРнын Сайпинг федерациясы «Kahles – жогорку тактыктагы атуу боюнча кубогу» аттуу мелдештин 1-этабын өткөрүлдү. Турнир Чүй өрөөнүнүн Сары-Жон айылындагы «Искандер Сервис жана Компания» спорттук ок атуу клубунун аймагында өттү.

Бул беттеш 100 метрден 1100 метрге чейинки аралыкты камтыган 10 көнүгүүдөн турду. Анын ичинен бешөөндөө аткычтар так атуу боюнча, үчөөндө алыскы аралыкка, экөөндө динамика боюнча ат салышты. Турнирге 33 аткыч катышты.

«Бул мелдештер дүйнө жүзү боюнча эл аралык Kahles мелдештеринин сериясында өткөнүнө абдан кубанычтамын. Алгачкы жолу оптикалык тордун жардамы менен аралыкты аныктоо менен комплекстүү түнкү көнүгүүлөр киргизилди», - деди КР Снайпинг федерациясынын башкармалыгынын төрагасы Айдар Окенов.

Турнир Эл аралык T-Class Конфедерациясында катталып, беттештин жыйынтыгы онлайн режиминде көрсөтүлдү.

Соңку турнирдин жыйынтыгы боюнча «болт мылтыгы» категориясында Айдар Окенов 6,5 Creedmoor калибриндеги Tikka Tac A1 мылтыгы менен биринчи орунду ээледи, Сергей Зуев 6,5 Creedmoor калибриндеги Remington мылтыгы менен күмүш медалынын ээси болду, ал эми Михаил Зуев 300WSM калибриндеги Blaser R8 мылтыгы менен коло медалга ээ болду. Чөртүнчү оорунду Анварбек Нурматов Orsis Alphine 300 wm колибриндеги мылтыгы менен ээледи. Бешинчи оорунду КР УКМКнын 9-кызматтын кызматкери Voere 300-калибири менен ээледи.

Байгелүү орундарды ээлеген аткычтарга демөөрчү Kahlesтен медалдар, сертификаттар, акчалай сыйлыктар жана атайын сыйлыктар тапшырылды.

Сынактын демөөрчүсү 120 жылдык тарыхы бар жогорку тактыктагы оптика жана жабдууларды чыгарган австриялык Kahles компаниясы болду. Катышуучуларга белектери үчүн демөөрчүбүзгө ыраазычылык билдиребиз. Кошумчалай кетсек, Kahles ушул жылдын сентябрь айында Италияда өтө турган Динамикалык узак аралыкка дүйнөлүк чемпионатка үч чакыруу ойнотту.

Кыргызстандын Снайпинг федерациясы 2021-жылдын июнь айында энтузиаст-аткычтардын демилгеси менен түзүлгөн. Федерациянын негиздөөчүлөрү Кыргызстанда жогорку тактык атууларды жайылтууну, узун стволдуу ок атуучу куралдарды коопсуз колдонуу маданиятын калыптандырууну, сергек жашоонун образын, патриотизм жана жаратылышты сыйлоону жайылтуусун ниет кылат.

Кыргызстандын Снайпинг федерациясы