ҮЙДӨ КУРАЛДЫН БОЛУШУ ЧОҢ ЖООПКЕРЧИЛИКТИ ЖАРАТАТ — ОКЕНОВ

20 October 2021

Кыргызстандын Снайпинг федерациясынын башчысы Айдар Окенов уюмдун ишмердүүлүгү жөнүндө жана куралы бар адам кандай жоопкерчилик тартышы керектиги жөнүндө айтып берди.

Sputnik Кыргызстан радиосунда аңгемелешүүдө Снайпинг федерациясына негизинен чоң аралыкта атуу көндүмдөрүн такшалтууну каалаган мергенчилер мүчө болгонун түшүндүрдү.

"Биз сайлуу куралдан 100 метрден бир жарым чакырымга чейинки аралыкта атууну үйрөнөбүз. Басым, нымдуулук, абанын температурасы – мунун баары октун траекториясына таасирин тийгизет. Биз аңчылыкта жаныбарларды кыйнабаш үчүн адамдарды так атууга үйрөтөбүз. Муну менен катар федерациянын мүчөлөрүнө куралга ээлик кылуу маданиятын үйрөтүүгө аракет кылабыз", — деди Окенов.

Анын пикиринде, куралга ээлик кыла билүү жана үйдө куралдын болушу коопсуздук сезимин берет, бирок муну менен катар адамга чоң жоопкерчиликти жүктөйт.

"Адам курал сатып алганда, ал биринчи кезекте бул кандай артыкчылыктарды бере турганын эмес, ага кандай жоопкерчилик жүктөлө турганын ойлонушу керек. Биз адамдарды огу жок болсо дагы, куралды октолгондой кылдат колдонууга үйрөтөбүз. Эгерде статистиканы ала турган болсок, кесипкөй аткычтар – мыйзам бузбаган адамдар, алар курал колдонууга байланыштуу кандайдыр бир жагымсыз окуяларга дуушар болгонун уккан эмесмин", — деп белгиледи Окенов.

Ал Снайпинг федерациясы өнүгүп жатканын, быйылкы жылы мелдештер өткөнүн, мелдештин катышуучулары спортчулар гана эмес, Кыргызстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери дагы болгонун кошумчалады.

Материал сайттан алынды https://m.ru.sputnik.kg/Radio/20211020/1054283847/federatsiya-snaypinga-nareznoe-oruzhie-strelba.html