«КҮЗГҮ КУБОК». КЫРГЫЗСТАНДА СНАЙПИНГ БОЮНЧА ТУРНИРДИН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

23 November 2021

Жогорку тактыкта атуу боюнча кесипкөйлөр жана сүйүүчүлөр тактык, ылдамдык, көңүл коюучулук боюнча таймашты. 50дөн 730 метрге чейинки аралыкта туруктуу жана туруксуз абалда кагаз жана металл буталарга атышты.

«Экинчи таймаштын жаңылыгы 290 метр аралыктагы кыймылдуу бутаны колдонуу менен көнүгүү жана «селкинчек» көнүгүүсү болду, — деп айтты КР Снайпинг федерациясынын башкармалыгынын төрагасы Айдар Окенов.

31 катышуучунун арасында 60 миң сом байге фонду менен 1, 2 жана 3-орун үчүн медалдардын бир комплексти ойнотулду.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча тогуз көнүгүүнүн ичинен «тактык», «динамика» жана «алыскы аралык» категорияларында 1-оруду Сергей Зуев алды (6,5 Creedmoor калибрлүү Blaser R8 мылтыгы). Мелдештин күмүш байгесинин ээси Владимир Приходько болду (6,5 Creedmoor калибрлүү Tikka Tac A1 мылтыгы), колону — Михаил Зуев алды (300WSM калибрлүү Blaser R8 мылтыгы).

КР Снайпинг федерациясы ушул жайда түзүлгөн. Анда 80ден ашык адам катталган. Федерацияны негиздөөчүлөр Кыргызстанда жогорку тактыктагы атууну жайылтуу, ок атуучу узун стволдуу сайлуу куралды коопсуз колдонуу маданиятын калыптандыруу, ошондой эле сергек жашоо образын, патриоттуулукту жана табиятка аяр мамиле кылууну жайылтуу ниетин көздөшөт.

Материал сайттан алынды https://24.kg/sport/214474/