КЫРГЫЗСТАНДА «СНАЙПЕР КУБОГУНУН БИРИНЧИ ЭТАБЫНЫН» ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

06 March 2022

Турнир Чүй областынын Сары-Жон айылында өттү.

Катышуучулар кыймылдуу бутаны атуу, бир чакырымдан көп аралыкта атуу жана снайпердик дуэль сыяктуу ар кандай көнүгүүлөрдө таймашты. Турнир Т-классындагы Эл аралык конфедерацияда катталган, матчтын жыйынтыктарын онлайн-көрсөтүү жүргүзүлдү. Матчта башкы калысы КР Снайпинг федерациясындагы калыстар корпусунун жетекчиси Владимир Назаров болду», — деп айтты Снайпинг федерациясынын башкармалыгынын төрагасы Айдар Окенов.

Турнирдин жыйынтыгында «Тактык, динамика жана алыскы аралык» категориясында биринчи орунду 6,5 Creedmoor калибрлүү Mauser M18 мылтыгы менен Азиз Жумалиев алды. Күмүш байгенин ээси 300WSM калибрлүү Blaser R8 мылтыгы менен Михаил Зуев болду, ал эми коло байгени - 6,5 Creedmoor калибрлүү Tikka Tac A1 мылтыгы менен Айдар Окенов алды.

«Жарым автомат» категориясында биринчи орунду СВД мылтыгы менен УКМК «Альфа» атайын кызматынын өкүлү алды. Күмүш байгенин ээси СВД мылтыгы менен УКМК чек ара кызматынын “Бөрү” атайын кызматынын өкүлү болду, ал эми колону - AR-10 мылтыгы менен УКМК «Альфа» атайын кызматынын өкүлү алды.

«Снайпердик дуэль» көнүгүүсүнүн жеңүүчүсү 6,5 Creedmoor калибрлүү Blaser R8 мылтыгы менен Сергей Зуев болду.


Эске сала кетсек, КР Снайпинг федерациясы 2021-жылдын июнунда энтузиаст-аткычтардын демилгеси боюнча түзүлгөн. Федерациянын негиздөөчүлөрү Кыргызстанда жогорку тактыктагы атууну жайылтуу, ок атуучу узун стволдуу сайлуу куралды коопсуз колдонуу маданиятын калыптандыруу, ошондой эле сергек жашоо образын, патриоттуулукту жана табиятка аяр мамиле кылууну жайылтуу максатын көздөйт.

Материал сайттан алынды https://24.kg/sport/225854/